Кумтөрдүн кирешесине байланыштуу депутат өкмөттүн отставкасын талап кылды

25 мая 2022, 11:46

Парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев “Кумтөрдөн” түшкөн кирешени бөлүштүрүүнүн планына нааразы болуп, Министрлер кабинетин отставкага кетирүүнү талап кылды.

Депутат бир нече айдан бери өкмөттөн “Кумтөрдөн” Ысык-Көлдүн эки районуна акча бөлүүнү суранып жатканына карабай, 0,6% өлчөмүндөгү кирешенин бир бөлүгү “Нарын облусун өнүктүрүү фондуна” которулаарына нааразы болду.

Буга жооп кылып парламенттин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев аймактарга бөлүнбөөнү өтүндү.

Ал эми калган эл өкүлдөрү “Кумтөрдөн” түшкөн кирешенин бир бөлүгүн башка аймактарга да бөлүүнү сунушташты.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон токтомго ылайык, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКка өткөн ай үчүн алынган дүң кирешенин 0,6% сом менен “Нарын облусун өнүктүрүү фондунун” атайын эсебине ай сайын, 10 күндөн кечиктирбестен которуу сунушталган.