Депутат дыйкандарга 6% менен насыя берилбей жатканын айтты

6 апреля 2023, 13:14

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев жылдык 6% менен жеңилдетилген насыя дыйкандарга берилбей жатканын билдирди.

"Биз эл менен жолугушууга бардык. Эл абдан нааразы экенин белгилегим келет. Келгиле, министрлер кабинети менен чогуу отуруп, бул каражатты дыйкандарга кантип алып келүүнү ойлонолу же жөн эле берүүнү токтотолу”, - деп сунуштады депутат.

Эске сласак, быйыл Айыл чарба министрлиги “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” программасы боюнча 3 миллиард 300 миллион сом, “Айыл чарбасын каржылоо” программасы боюнча 3 миллиард сом жылдык 6 пайыз менен берүүнү пландап жатканын билдирген.