Эл өкүлү мамлекеттин ишкерлерге болгон карыздарын эске салды

15 июня 2023, 13:52

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго мамлекетке карызы бар ишкерлер көп кайрыларын айтты.

“Мамлекет ар кандай тендерлерди жарыялап, кызматтарды, объектилерди жана башкаларды карызга алат, бир нече жылдан бери акчасын ала албай жүргөн ишкерлер бар”, - деди депутат.

Ал парламент спикеринен Министрлер кабинетине бул маселени чечүү үчүн протоколдук тапшырма берүүнү суранды.