Депутат Жумалиев 1 млрд сом төлөп бошотулду

13 апреля 2021, 11:25

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев мамлекетке келтирилген зыян үчүн 1 миллиард сом төлөп берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

[жаңылыктар 33517]

«Кубанычбек Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык болгон коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп берди. Жумалиевдин улгайган курагын жана ден-соолугунун абалын эске алып, тергөө баш коргоо чарасын баш калаанын Биринчи май райондук сотунан чыкпоо жөнүндө жазуу түрүндөгү милдеттенмеге өзгөртүү өтүнүчүн келтирди», - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Жумалиев ушул жылдын февраль айынын башында кармалган. Ага депутаттын билим берүү мекемесине билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн лицензияны мыйзамсыз алууга мүмкүндүк берген билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лобби кылган деп айыпталган.