Депутаттар аймактардагы айылдарда банкомат жоктугуна нааразы

16 февраля 2024, 16:10

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Камила Талиева “РСК Банк” жана “Айыл Банк” мамлекеттик банктарына кайрылып, Баткен районунун чек арага жакын айылдарында банкоматтар жок экенин билдирди.

Ал Кең-Талаа жана Жаңы-Жер айыл өкмөттөрүндө банкоматтар жок экендигин белгиледи. 

“Беш айылга бир банкомат бар экен. Жалгыз банкоматка жетүү үчүн эл 50-60 чакырым жол жүрүүгө аргасыз. Карыларга басуу кыйын. Өзүңөргө шарт түзөсүңөр, элге эмес, - деп нааразычылыгын билдирди. 

Дагы бир эл өкүлү Таалайбек Масабиров, Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында да банкомат жок экенин айтты.

“Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында 15 миңден ашык тургун жашаса, анын 1 миң 500ү пенсионерлер. 2018-жылы ал жактагы жалгыз банкоматты алып кетишкен, "Керемет банктыкы" экен - деди ал.

Талайбек Масабиров Улуттук банкка кайрылып, маселени чечүүнү талап кылды.