Жогорку Кеңештин депутаттары резиденцияга чогулушту - сүрөт

10 октября 2020, 16:34

VI созывдагы Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 10-октябрда мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясына чогулушту. 


Азыркы учурда Акылбек Жапаров, Тазабек Икрамов, Мирлан Бакиров, Аида Касымалиева, Кожобек Рыспаев жана башка депутаттар бар. Жалпысынан 50дөн ашуун депутат чогулган. 

Эл өкүлдөрү өкмөттү жана анын структурасын тандоо жана ӨА режимин киргизүү маселесин карашат. 

Азырынча жыйын баштала элек.