«Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия түзүлдү

17 февраля 2021, 13:20

Жогорку Кеңештин бүгүн, 17-февралдагы жыйынында депутат Жыргалбек Турускуловдун демилгесинин негизинде «Кумтөр»  кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия түзүлдү.

 

Ага Жогорку Кеңештин төмөндөгү депутаттары кирди:

  • Өмүрбек Бакиров, Рыскелдик Момбеков, Саматбек Ибраев, Айнура Алтыбаева (КСДП);
  • Умбеталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов («Республика-Ата-Журт»);
  • Замирбек Эсенаманов, Урматбек Самаев («Кыргызстан»);
  • Каныбек Иманалиев («Ата-Мекен»);
  • Осмон Турдумамбетов («Өнүгүү-Прогресс»);
  • Акылбек Жапаров («Бир-Бол»).