Баткендеги жабыркагандарга депутаттар 25 миң сомдон которушат

7 мая 2021, 09:40

Жогорку Кеңештин депутаттары чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен районунун тургундарына 25 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Кошумчалай кетсек, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эсебине 40 миллион 805,1 миң сом түшкөн.