Депутаттар жоготууга учураган ишканалардын жабылуусуна каршы

20 сентября 2019, 10:26

ЖК эл өкүлдөрү ишканалардын жоготууга кабылып, андан ары жабылып калуусуна каршы. Алар ишканалардын карызын калыбына келтирүү жана банкроттук институтун өнүктүрүүнү сунушташты. 

Экономика министрлиги тарабынан “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралып, добуш берүүгө жолдонду.

Экономика министрилги мыйзам долбоорду сунуштап жатып, ишканалардын кудуретсиздигин (банкрот) жөнгө салуу,  насыя алуучулардын укутарын коргоо тууралуу сунушун берди. 

Департаменттин иш – аракети жоготууга учураган ишканаларды жаап салуу эмес, аны кайра ордуна тургузуу болуп эсептелинет” – деп билдирди депутат Аалы Карашев.