Депутаттар өкмөттөн малды сыртка сатууга уруксат берүүнү өтүнүштү

15 февраля 2021, 15:00

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин депутаттары өкмөткө малды сырт жактарга сатууга салынган тыюуну алып салуу сунушун беришти. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди. 

 

Депутат Бейшеналы Нурдиновдун айтымында, экспортко тыюу салынгандан бери дыйкандар жоготууга учурашкан. Тыюу салуунун мөөнөтү эки айдан соң аяктайт. 

«Мен бул маселени бир топ жолу көтөрдүм, Өкмөттүн өкүлдөрү өз чечиминин тууралыгын тыюунун алынып салынышы ички рынокто эттин баасынын кымбаттоосуна алып келет деп аргументтеп жатышат. Бирок, эттин баасы  450 сомдон араң эле 420 сомго түштү», - деди Б.Нурдинов.