Депутаттар октябрь айында айлык алган эмес - чыгаша 99.4%га кыскарды

16 ноября 2020, 16:15

Парламенттин чыгымдары 2020-жылдын октябрь айында 4,2 миллион сомду түзсө, план 707 миллион сомду түзгөн. Каржы министрлигинин отчетуна ылайык, чыгымдар 99,4% га төмөндөдү.

Негизги сумма турак-жай комплексинин техникалык кызматкерлеринин эмгек акысына багытталып - 3,2 миллион сомду түздү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы "Акчабарга"  депутаттар октябрь айында эмгек акыларын ала электигин билдирди. 

"Жогорку Кеңеште канцелярдык товарларды сатып алуунун кажети жок, иш сапарларга чыгымдар жок. Өткөн айда депутаттар эмгек акыларын алышкан жок ", - деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.