ЖК банктардын директорлор кенешинин мүчөлөрүнүн иштөө мөөнөттөрүн узартты

20 мая 2021, 11:30

Жогорку Кенештин депутаттары «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзам долбоорун колдошту. Бул тууралуу парламенттин пресс-кызматы билдирди.

Долбоордун авторлору белгилегендей, мыйзам долбоору банктардын директорлор кеңешинин  мүчөлөрүнүн мөөнөттөрүндөгү  карама-каршылыктарды жоюуга жана  директорлор кеңешинин көзкарандысыз мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жана аларды практикалык ишке шайкеш келтирүүгө багытталган.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар мыйзам долбоорун колдоп беришти, ошондой эле Улуттук банктын финансы-кредиттик мекемелердин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү сунушташты. Бул банк кызматтарын колдонуучулардын укук жана кызыкчылыктарын дагы да натыйжалуу коргоого шарт түзөт. Анткени өлкөдөгү экономикалык абалдын кыйындашына байланыштуу кардарлардын насыя төлөө мүмкүнчүлүктөрү төмөндөп кетти деп айтылат билдирүүдө.