Тогуз ишкерге «Чүй-Бренд» соода белгиси ыйгарылды

25 января 2024, 12:10

"Бир айыл — бир продукт" улуттук экономикалык долбоору боюнча Чүй облусунун бренд комитетинин биринчи отуруму өттү.

Иш-чараны Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактар ​​аралык башкармалыгы президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте уюштурду.

Жыйын Чүй облусундагы ишкерлердин катышуусунда болуп, анда даяр продукциялар көрсөтүлдү.

Жолугушуунун негизги максаты элди бизнеске кызыктыруу жана жергиликтүү аймактык продукциянын имиджин жана брендин түзүүгө көмөк көрсөтүү болду.

Анын алкагында жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен өндүрүлгөн тогуз продукт – кургатылган жемиштер, чөп чайлары, пастила, кургатылган топоз эти, дан унунан жасалган ачытылган нан, талкан деликатестери, жаңгак жыгачынан жасалган буюмдар, сулу печеньелери тандалды.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен тогуз ишкерге Чүй-Бренд товардык белгиси тапшырылды.

Акыркы алты жылда долбоордун аркасында жергиликтүү өндүрүшчүлөр 238 миллион сомго жакын 167 экспорттук келишим түзгөн.

Ушундай эле жыйын ушул жылдын февраль айында Талас облусунда да пландалууда, анда Таластын жергиликтүү чийки затынан жасалган продукциялар көрсөтүлөт.