ЕЭКтин Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү департаментине жаңы директор дайындалды
Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар саясаты департаментинин директору болуп казакстандык Жанар Адикова дайындалды. Бул тууралуу ЕАЭБ сайтында маалымдалды.
ЕАЭБдин маалыматы боюнча, ал 2008-2013-жылдары Казакстан Республикасынын Табигый монополияларды жөнгө салуу агенттигинин Караганда облусу боюнча бөлүмүндө иштеген.
2013-2021-жылдары Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин Табигый монополияларды жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо комитетинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.