Disney коронавируска байланыштуу 32 миң кызматкерин жумуштан кетирет

26 ноября 2020, 16:00

Disney компаниясы 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында 32 миң кызматкерин иштен алууну көздөп жатат. Бул тууралуу Reuters порталы билдирди. 

АКШ жана башка өлкөлөрдөгү тематикалык парктардагы («Диснейленддер») кызматкерлердин басымдуу бөлүгү жумуштан кетишет. 

Сентябрдын аягында Disney 28 миң кызматкерин кыскартууну пландаган. Дагы 37 миңге жакын компаниянын кызматкерлери аргасыздан өргүүгө чыгышкан.