«Кумтөрдүн» дивиденддер 2021-жылдан бери 60 млн долларды түздү

11 октября 2022, 11:14

Былтыркы жылдан бүгүнкү күнгө чейин "Кумтөрдөн" дивиденддер 60 миллион долларды түздү. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.

Бул боюнча суроону депутат Дастанбек Жумабеков берди.

Даникеев 60 миллион доллар тууралуу маалымат берип, бул баштапкы сумма экенин белгиледи. Анын айтымында, 2021-жылдан баштап дивиденддер түшүүдө.