Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 млн доллар бөлөт

21 апреля 2022, 11:48

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 млн АКШ долларын бөлөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Акылбек Жапаров жетектеген Кыргызстандын делегациясы менен болгон бир катар жолугушуу учурунда айтылды.

Дүйнөлүк банктан маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын өнүгүү артыкчылыктары, жеке тармактарды өнүктүрүу жана Дүйнөлүк банктын өлкөнүн адамдык капиталын колдоосу, өлкөнүн энергетика тармагындагы реформалар, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. Ошондой эле жеке секторду өнүктүрүүгө жана калктын аялуу катмарын коргоого өзгөчө көңүл бурулду.

Кол коюлган келишимге ылайык, айтылган сумма төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • Баткен облусун өнүктүрүүгө — 50 млн доллар;
  • Суу чарба кызматтарын жакшыртууга 100 млн доллар.

Эске салсак, Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Вашингтондо (АКШ) жүрөт.