Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун чакан аренасы курулат

1 марта 2024, 16:36

Бүгүн Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү “Arzu” жана  “Time Out” кафелери бузулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Белгиленгендей, алардын ордуна Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун бузулуп кеткен чакан аренасы кайра курулат.

“Коомдук тамактануучу жайдын кожоюндары муниципалитеттин сунушуна макул болушту. Аларга шаардын башка аймагынан жер тилкеси берилет”, - деп айтылат маалыматта.