Кыргызстанда “Почта банк” аттуу жаңы ишкана түзүлөт

21 августа 2023, 09:46

Кыргызстанда жаңы “Почта банк” ишканасы түзүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысынын Кытайга болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болду.

Аны түзүүнүн үстүндө Сычуаньдык инвестициялык фондунун башкаруучу компаниясы жана "Кыргыз почтасы" ААК иштейт.

"Мындай меморандумга кол коюу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп, өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө түрткү болот. Мындай инвестициялык кызматташуу жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү почталык банк кызматтарын көрсөтүүдө эффективдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга багытталат", - деп белгилейт "Кыргызпочтасы".

Кыргызстандагы "Почта банкы" финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу менен өлкөдөгү эң кеңири аймактык тармакка ээ универсалдуу коммерциялык банкка айланат деп күтүлүүдө.