Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү акча которууда «Золотая Корона» кызматын колдонушат
Өткөн жылдын IV кварталында акча которуулар тутуму аркылуу Кыргызстандан дээрлик 71 млрд сом которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Регулятордун маалыматына ылайык, «Золотая Корона» кызматы менен – 48.8 млрд сом акча которулган. Андан кийин «Western Union» акча которуу кызматы аркылуу 13.8 млрд сом жиберилген.
Андан соң, «Contact» аркылуу – 4.1 млрд сом жана «Юнистрим» менен – 2.5 млрд сом каражат жиберилген.