Кытайга экспорттоо үчүн CIFERге катталуу керек

5 декабря 2022, 14:25

Быйыл Кытай Эл Республикасынын тамак-аш жеткирүүчүлөргө карата жаңы талаптары күчүнө кирди. Ага ылайык чет элдик ишканалар CIFER маалымат системасында каттоодон өтүшү керек. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин сайтына жарыяланды. 

Бардык маалыматтар англис же кытай тилдеринде, анын ичинде субъекттер системага жүктөй турган документтер киргизилиши керектиги такталган. Өзгөртүү жөнүндө арыздар субъекттер CIFER системасында ишкана картасын толтургандан кийин Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгына кароого жөнөтүлүшү мүмкүн. 

Учурда Айыл чарба министрлиги ишканалардын тизмесин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.