Көчмөндөр оюндарына бюджеттен 6 млн. сом бөлүнгөн

18 сентября 2019, 14:50

Талас облусунда өткөрүлүп жаткан Көчмөндөр оюндарына мамлекеттик бюджеттен 6 млн. сом бөлүнгөн. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди. 

Көчмөндөр оюндарынын программасында: ат чабыш, көк бөрү, күрөш, салбуурун ж.б. улуттук оюндар бар. 

Бөлүнгөн акчадан 1.5 млн. сом спорттук оюгндардын байге фондуна жумшалмакчы: 

- Көк бөрүгө 500 миң сом;

- Башка ат оюндарына 400 миң сом

- Салбуурунга 250 миң сом;

- Башка оюндарга 100 миң сом: