Каракол шаардык мэриясына 27,2 млн сомго атайын техникалар алынат

4 апреля 2023, 10:04

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы Каракол шаарынын мэриясы үчүн атайын техникаларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Тендердин жалпы суммасы 27 миллион 205 миң 750 сомду түзөт.

Ага аба платформасын, алдыңкы жүктөгүчтү жана экскаваторду сатып алуу пландалууда.