Орто жана кичи бизнестер үчүн тендерге катышуу шарттары жакшырат

6 сентября 2019, 17:00

КР Өкмөтү майда жана орто бизнести өнүктүрүү максатында, өлкөнүн региондоруна электрондук каталогду 1- октябрдан баштап  ишке киргизет. Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жыйында билдирди. 

Электрондук каталог  аркылуу ишкерлер  аз өлчөмдөгү мамлекеттик сатып алууларга  катыша алышат. 

Жыйын учурунда, М.Абылгазиев мамлекеттик сатып алуудагы системанын журүшүн анализдеп, анын таза өтүшүн талап кылды.