Күз-кыш мезгили үчүн «Тазалык» 2.7 тонна туз сатып алды

7 октября 2021, 09:15

"Тазалык" муниципалдык ишканасы 2,7 тонна туз сатып алды. Жалпысынан 4 миң 84 тонна туз даярдалганын Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Көчөлөрдүн жана унаа жолдорун күз-кышка тазалоо Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө.