Ишкерлерди колдоо үчүн кыргыз-түрк фондун ачуу пландаштырылууда

13 июня 2021, 11:00

Кыргызстандык ишкерлерди жана түрк инвесторлорун колдоо максатында кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун ачуу пландаштырылууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Түркия менен Кыргызстан жалпы тарыхы, каада-салты менен байланышкан стратегиялык өнөктөштөр жана боордош өлкөлөр.

"Президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу эң жогорку деңгээлдеги биринчи саясий байланыш. Өлкө лидерлери өз ара колдоо алышты, кеңейтилген форматта жолугушууларды өткөрүштү", - деп белгиледи Руслан Казакбаев.

Эки мамлекеттин өкүлдөрү келечекте кыргыз ишкерлерин жана түрк инвесторлорун колдоо үчүн кыргыз-түрк өнүктүрүү фондусун ачуу өтө маанилүү экендигин өз ара түшүнүшүүгө жетишкендигин белгиледи.