Социалдык фонддун каражаттары бюджеттин дефицитин жабууга жумшалган эмес

15 января 2021, 16:30

Социалдык фонддун каражаттары бюджеттин дефицитин жабууга жумшалган эмес. Бул тууралуу брифингде экономика министри Кыялбек Мукашев билдирди. 

 

 

Ал белгилеп өткөндөй, мамбюджеттин кирешесинин көлөмү пенсия, жөлөк пул, эмгек акы жана стипендия төлөөгө жетет. 

 

 

«Мүмкүн, маселе Социалдык фонддун бюджетинин дефицитинен улам көтөрүлүп жаткандыр. Ведомстводо каражат жетишпесе, финансы министрлигине республикалык бюджеттин эсебинен жардам суроого Мыйзам жол берет», — деп билдирди министр.