Чехияда үй алуу үчүн 11 жыл керектелет

23 июля 2019, 10:47

Deloitte консалотинг компаниясы Европадагы мамлекеттердин рейтингин түзүп, анда үй алууга ким канча жыл коротот деп эсептеп чыгышкан.  Чехия биринчи орунга чыкты. Өз турак жайына ээ болуу үчүн үй-бүлө 11 жыл акча чогултушу керек деп жазды РБК.

Эксперттердин эсеби боюнча Латвия – 10.1  жыл  айлык акысын чогултуп,  70 кв.м турак жайга ээ болот. Биританиялыктар 9.4  жыл өмүрүн үй алууга коротушат. Андан кийин  Хорватия (7.9 жыл айлык акысын топтосо)  Польша (7.5 жылдык акчасын чогултуп, эки ай айрымасында үй-жайлуу болушу ыктымаал).

Португалиялыктар  болгону (3.8) жарым  жыл акча чогултса, бельгиялыктар  (4)  менен норвегиялыктар  (5) жылдык убактысын коротушу керек.

Эң кымбат «квадрат метр»  Швейцарияда ($10-11 миңге 1 кв.м сатып алсаң), Исландия ($4-5 миңге 1 кв.м)  жана Норвегия ($6.5-9.5  миң 1 кв.м) баада сатылат.