Атайын эсепке баткендиктерге жардам катары бүгүнкү күндө 57,5 ​​млн сом которулду

10 мая 2021, 15:20

10-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эсебине 57 миллион 514 миң 406 сом которулган. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

​Эске салсак, ар бир адам өз ыктыяры менен Баткен облусунун жашоочуларына колдоо көрсөтүү үчүн каражаттарды атайын ачылган эсептерге которсо болот.