Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга 63 млн сомдон ашык чогулду

24 февраля 2023, 11:53

Бүгүн, 24-февралга карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 63 млн 427 миң 307 сом жана 15 миң 250 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес кыргызстандыктар которуп жатат.

Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.