Баткенде жабыркаган ишкерлерге насыя берүү үчүн бюджеттен 90,3 млн сом каралды

6 апреля 2023, 11:11

Баткенде жабыркаган ишкерлерге 2023-жылы кредиттик каражаттарды берүүгө республикалык бюджеттен 90,3 млн сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин кызматкерлери Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпысынан 212 жабыркаган субъекттер менен жумуш алып барып, 75 ишкер менен кредиттик келишим түзгөнгө жетишти.

Учурда калган ишкерлер менен кредиттик каражаттарды берүү максатында белгиленген иштер жүргүзүлүп жатат.