Швейцария Кыргызстандагы дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн 2,6 млн доллар бөлөт
Швейцария өкмөтү Кыргызстандын медициналык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн 2,6 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 23-сентябрында Министрлик менен Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги "Медициналык билим берүүнү реформалоо" долбоорунун III фазасы боюнча келишимге кол коюшту.
Долбоор Швейцария тарабынан 2013-жылдан бери Женева университетинин ооруканаларынын техникалык колдоосу аркылуу жергиликтүү өнөктөш Медициналык билим берүү боюнча демилгелер уюму менен биргеликте колдоого алынган.