Чоң-Сары-Ой айылына 10,9 млн сомго айыл чарба техникалары сатып алынат

6 декабря 2023, 10:00

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү айыл чарба техникаларын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Айылга жерди 30 сантиметр тереңдикте айдоо үчүн соко, “Беларусь” трактору, дан үчүн жүгөрү жыйноочу жабдуулардын комплекси, орнотулган эки катарлуу дисктүү тырмоо, пневматикалык сеялка жана  катар дан себүүчү кууш сепкич сатып алуу зарыл.

Тендердин пландалган суммасы 10,9 млн сомду түзөт. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 11-декабрь.