ИИМдин Күзөт кызматына дээрлик 17,3 млн сомго унаа алынат

24 апреля 2024, 15:40

ИИМдин Күзөт кызматы жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Маалыматта тендердин суммасы 17 млн ​​290 миң сомду түзөт. Сатуучуга арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 14-май.

Товарды жеткирүү мөөнөтү келишимге кол коюлган күндөн тарта 60 күн.