Татарстандын президенти бизнес-форумга катышуу үчүн Кыргызстанга келди

19 ноября 2021, 09:11

Кече, 18-ноябрда Кыргызстанга Татарстандын президенти Рустам Минниханов иш сапары менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунан аны мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.

Бул сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Рустам Миннихановдун кыргыз-татар бизнес форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда.