Борбор калаада айдоочулук күбөлүктү эми жаңы даректен алсаңыз болот

5 октября 2019, 10:30

7-октябрдан баштап борбор калаанын автоунаа ээлери үчүн айдоочулук күбөлүктү дагы бир жаңы даректен алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык бөлүмүнүн жаңы сынак тапшыруу үчүн дареги Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын Жеңиш проспектисинин 121Б дарегинде жайгашкан. Аталган даректе, айдоочулук күбөлүктү алууну каалагандар үчүн сынакка документтер кабыл алынат. 

 

Автоунааларды каттоо иштери мурунку Бишкек шаарынын Ч.Валиханов 2 дарегинде жүргузүлүүдө.