Орусияга учуу үчүн "COVID-19суз саякаттоо" тиркемесин орнотуу керек

20 апреля 2021, 10:40

Орусияга кирүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн жарандары терс ПЦР тестин "COVID-19суз саякаттоо" тиркемеси аркылуу көрсөтүшү керек. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, учаардан мурун AppStore же Google Play аркылуу "COVID-19суз саякаттоо" тиркемесин смартфонуңузга жүктөп алышыңыз керек. Андан кийин, сунуш кылынган лабораториялардын тизмесинен эң жакынын тандап ПЦР тесттен өтүп, ошондой эле тиркеме орнотулган телефонду көрсөтүңүз.

Андан соң, мобилдик тиркемени колдонуп, тиркемеде көрсөтүлгөн QR кодун сканерлешиңиз керек. Кетээрден мурун, тесттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын мобилдик тиркемеде бар экендигин жана даталардын кетүү күнүндө жарактуу экендигин текшериңиз, ПЦР тест учууга чейин 72 сааттан эрте берилиши керек. Учакка отурганда, QR кодун тиркеме аркылуу уюлдук телефондун экранынан гана көрсөтүү керек.