Бишкекте 350 бизнес долбоорду ишке ашырууга 35 млн сом бөлүндү
Бишкек шаарына “Социалдык контракт” долбооруна республикалык бюджеттен 35 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтында маалымдалды.
Мекеменин маалыматында, бул каражат аз камсыз үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга жардам бере турган 350 бизнес-долбоорду ишке киргизүүгө жумшалышы керек.
Эске салсак, бул долбоордун алкагында “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кирешелүү иш баштоо үчүн кайтарымсыз 100 миң сомдон ала алышат. Буга чейин долбоор өлкөнүн эки облусунда пилоттук режимде ишке киргизилген. Долбоор азыр өлкө боюнча жайылтылууда.