Баткен облусу үчүн электр энергиясына тариф экс эсе арзандатылышы мүмкүн

20 мая 2022, 10:08

Баткен облусунун чек ара аймактарынын тургундарына 700 киловатт-саатка чейинки электр энергиясы үчүн акы төлөөдө 50% жеңилдик берүү сунушталууда. Токтомду Энергетика министрлиги иштеп чыккан.

Документ кабыл алынса, баткендиктер 700 киловатт-саатка чейин электр энергиясы үчүн 0,77 тыйындан эмес, 0,385 тыйындан төлөшөт.

Энергетика министрлиги жеңилдиктерди каржылоо мамлекеттик бюджеттен каралышы керектигин, анткени энергетика компаниялары бюджеттин тартыштыгына кабылып, бул долбоорду каржылай албай жатканын белгилейт.

Жалпысынан Баткен облусу боюнча 22 миң 404 абонент жөлөк пул алат.