Бардык ломбарддар 1-февралга чейин байланыш маалыматын бериши керек

25 января 2023, 09:51

Кыргызстанда бардык ломбарддар 2023-жылдын 1-февралына чейин атайын маалыматты тапшырышы керек. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.

Бул иштер маалымат базасын жаңылоо үчүн жасалып жатканы белгиленет. Алсак, 2023-жылдын 1-февралына чейин оперативдүү түрдө төмөнкү маалыматтар талап кылынат:

  • юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги;
  • электрондук дарек;
  • байланыш номерлери (жумуш жана мобилдик маалыматтар).