Кыргызстандын ири компаниялары еврооблигацияларды жайгаштырат

11 августа 2023, 11:53

2025-жылга чейин Кыргызстандын ири ишканаларынын еврооблигацияларын жайгаштыруу пландалууда. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Умбриэль Темиралиев билдирди.

Белгилеп кетсек, бул тарыхый жагдай болот, анткени буга чейин бир дагы компания бул ишти жасаган эмес.

"Бул дүйнөнүн алдыңкы биржаларында Кыргызстандын энергетика тармагындагы биринчи IPOго жол ачышы мүмкүн", - деди Умбриэль Темиралиев.