Апта аягына чейин Каржы министрлиги бюджетке жарым млрд сом тартууну пландоодо

13 января 2022, 10:32

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-январында мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Алсак, 13-январда 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу жолу аркылуу Каржы министрлиги бюджетке 50 млн сом тартууну пландаштырууда. Жети жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруудан дагы 450 млн сом алуу пландалууда.

Кошумчалай кетсек, 12-январга карата Кыргызстандын 7 жылдык мамлекеттик облигациялар боюнча милдеттенмелери 22 млрд 569 млн сомго бааланган.