Аптанын аягына чейин бюджетке 2,5 млрд сом тартуу пландалууда

14 декабря 2021, 17:41

Улуттук банк 16-17-декабрда мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрөт. Эмиссиянын пландалган суммасы 2 миллиард 550 миллион сомду түзөт.

16-декабрда банк 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин 100 миллион сомго жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Андан соң 17-декабрда катышуучуларга 3 жана 20 жылдык мөөнөттөгү мамлекеттик казына облигацияларын сатып алуу сунушталат.

Кошумчалай кетсек, 3 жылдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу бюджетке 400 миллион сом, 20 жылдык облигациялардын эсебинен дагы 2 миллиард 50 миллион сом тартуу пландалууда.