Ноябрга чейин Кыргызстан 974,1 млн кВт саат электр энергиясын импорттойт

14 июня 2021, 16:00

Март айынан май айына чейин Кыргызстан 675,9 миллион кВт саат электр энергиясын импорттогон. Анын ичинде Казакстандан - 419,8 млн кВт саат, Өзбекстандан - 256,1 млн кВт саат. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүштүрүүчү компания импорттолгон электр энергиясынын жалпы көлөмү ноябрь айынын акырына карата 1,6 млрд кВт саатты түзөрүн белгиледи.

Келишимдердин шарттарына ылайык, Кыргыз Республикасы 3 жылдын ичинде 550 миллион кВт саатка чейинки көлөмдө электр энергиясын кайтарып берет.