19:30га карата добуш сатып алуу боюнча 11 факты катталды

4 октября 2020, 19:30

Шайлоонун жүрүшүндө саат 19:30га карата добуш сатып алуу боюнча 11 факты катталган. Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүн башчысы Султан Макилов билдирди.

 

«Республика боюнча жалпысынан 111 арыз келип түшкөн. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча 11 факты катталды. Калгандарынын басымдуу бөлүгү кезек күтүү боюнча келип түштү», - деп билдирди Макилов.