18:00 карата добуш сатып алуу боюнча 6 факт катталган

4 октября 2020, 18:10

Шайлоо башталгандан бери Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 15 факт катталды. Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүн башчысы Султан Макилов билдирди.

Алардын ичинен Бишкекте 3 факт, Жалал-Абадда 5 факт, Ош облусу боюнча 3 факт жана Чүй облусу боюнча 4 факт катталган.



«Катталган фактылардын ичинде кылмыш жана жоруктар бар. Кылмыштар боюнча 9 иш: добуш сатып алуу боюнча 6 иш, шайлоо укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылуу боюнча 3 факт. Жоруктар боюнча 6 иш майда бейбаштык боюнча катталды», - деди ал.