«Манас» аэропортунун дагы бир компаниясын Улан Барыктабасов жетектейт

26 января 2023, 12:31

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна караштуу "Манас Менеджмент Компани" ЖАКтын башкы директору шайланды.

Ишканадагы бул кызматка Улан Барыктабасов шайланды. Ал 10-январда башкы директорлук кызматынан бошотулган Бактилек Калмурзаевдин ордуна келди.