Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткарат

28 сентября 2023, 12:20

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Ал эми президенттин башка жарлыгы менен буга чейин министрдин милдеттерин убактылуу аткарып жаткан Уланбек Усеков кызматтан бошотулду.

Эске салсак, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев "тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаган" деген негизде ушул айдын башында иштен алынган.