«Бишкексүт» ААКсынын акциялары боюнча киреше 13,52% кыскарды

4 января 2023, 10:23

Былтыр, 2022-жылдын 27-декабрында “Бишкексүт” ЖЧКсынын акционерлери жылдык жалпы чогулушун өткөрүп, анда дивиденддерди төлөө чечимин кабыл алышты.

Чечимге ылайык, бир акцияга чегерилген дивиденддердин суммасы 118,19 сомду түзөт. Салыштырсак, 2020-жылы бир акцияга дивиденд 136,68 сомду түзгөн. Ошентип, жыл ичинде акциялар боюнча киреше 13,52%га азайган.

Кошумчалай кетсек, дивиденддерди төлөө быйыл 8-февралда башталат. Ал эми акциялар боюнча кирешени 28-ноябрга чейин иштей турган акционерлер алууга укуктуу.