Камсыздандыруу компанияларынын кирешеси I кварталда жарым млрд сомдон ашты

28 июня 2022, 10:34

Кыргызстандын камсыздандыруу компаниялары ушул жылы биринчи кварталда 537,7 миллион сом киреше алышты. Бул 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 29,8%га көп.

Мында ишканалардын чыгашалары 1,5 эсеге өсүп, 497,2 миллион сомду түздү.

Белгилеп кетсек, каралып жаткан мезгилде 14 компания камсыздандыруу ишин жүргүзгөн. Анын ичинен 10 камсыздандыруу компаниясы 46,1 миллион сомдук көлөм менен кирешелүү болсо, төртөө рентабелдүү эмес болгон.

“Теңдештирилген финансылык натыйжа оң болуп, 40,5 миллион сомду түздү, бул 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 43,4 миллион сомго аз”, — деп жазды Улуттук статистикалык комитет.